Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
"Отуз-Адыр айыл аймагынын № 148 контурундагы 18,4 га үлүш жерлерин № 981 контурга которуу жөнүндө."
2020-жылдын 28-декабры № 3
“Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата түзүлгөн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасында жерлердин категориясын которуу(трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы № 21 жана 2017-жылдын 01-июнундагы № 95 токтомдорунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Отуз-Адыр айыл аймагынын № 148 контурундагы 18,4 га үлүш жерлерин № 981 контурга которууга макулдук берилсин.
2.Жогорудагы № 148 контурдагы 18,4 га үлүш жерлерин № 981 контурга которуп берүү жагы Кара-Суу райондук Кадастр мамлекеттик мекемесинен суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Мурзаев)
Төрага | Н.Калматов |