Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезектеги XV сессиясынын
(алтынчы чакырылыштагы)
2021-жылдын 24-февралы № 1
"Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылдын башына карата калган каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө"
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылдын башына карата калган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап,айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен,Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү Мыйзамынын 3-главасынын 13-беренесинин,КРдин Эмгек Кодексинин 74,167-беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 25642,2 миң.сомго,ал эми чыгаша бөлүгү 23038,7 миң.сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2.2020-жылда аткарылбай калган милдеттенмелер 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чегинде каржылансын.
3.2021-жылдын 01-январына карата пайдаланылбай калган 5429,3 миң.сомдук бюджеттик каражат айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн сметага ылайык бекитилсин. Бюджеттик каражаттардын калдыгы бекитилген сметага ылайык,анын ичинде; биринчи кезекте өткөн жылдан каржыланбай калган кредитордук карыздарды жабууга,айыл өкмөтүнүн 2021-жылда аткаруусу зарыл болгон жумуштарды каржылоого жумшалсын.
4.2020-жылдын 01-январына карата пайдаланылбай калган 0,5 миң.сом атайын каражаттар айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн сметага ылайык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тамак-ашына чыгымдоо үчүн бекитилсин.
5.Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын жана жооптуу катчынын кызмат орундары бош болгондугуна байланыштуу,ошол кызмат орундарында убактылуу иштеген кызматкерлерге үч айлык мөөнөткө базалык ставканын 30%ынан кем эмес өлчөмүндө эмгек акы фондунун эсебинен айлык акы төлөнүп берилсин.
6.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.(Т.Туйбаев)
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Т.Жумаев).
Төрага | Н.Калматов |