Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2021-жылдын 24-февраль № 3
"Отуз-Адыр айыл аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге,ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 101-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Отуз-Адыр айыл аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге,ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акы; бир гектар көп жылдык бак-дарактарды дарылоого 1000-2000сом өлчөмүндө,көп жылдык бир түп бак-даракты бутоого көлөмүнө жараша 30-150сом өлчөмүндө, бир гектар жер аянтындагы эгинди дарылоого 500-1000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Отуз-Адыр айыл аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге,ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акынын өлчөмү жөнүндөгү маалымат айыл башчылар тарабынан тиеншелүү тараптарга жеткирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Т.Туйбаев).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Адашовго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Калматов |