Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 42 сессиясы
2020-жылдын 16-марты № 42/1
Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 12-мартындагы "Короновирус боюнча кырдаалга байланыштуу пайда болгон экономикалык кесепеттерден чыгуу боюнча ыкчам чараларды көрүү жөнүндөгү №74 буйругуна ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында тиешелүү иштерди алып баруу жөнүндө
Гүлчө айыл кенешинин депутаты Ж.Калдыбаевдин билдируусун угуп жана талкуулап Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында короновирус оорусунун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында Алай району башка мамлекеттер менен чектеш болгондуктан короновирус оорусунун алдын алуу максатында коомдук тамактануучу жайларда кафе, ресторандарда абал турукташканга чейин жамаат менен жарандарды тейлөөгө тыюу салынсын.
2. Короновирус боюнча кырдаалга байланыштуу пайда болгон экономикалык кесепеттерден чыгуу боюнча ыкчам чараларды көрүп калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана базардагы азык түлүктөрдүн баасынын көтөрүлүп кетүүсүн көзөмөлдөө айылдык кенештин депутаттарына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гүлчө айылык Кенешинин төрагасы | Жээнбеков Д |