Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 43 сессиясы
2020-жылдын 24-марты № 43/1
Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 22-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Премьер министринин 2020-жылдын 22-мартындагы "Өзгөчө кырдаал" режимин киргизүү боюнча №93-б буйругунун негизинде аткарууга чыгарылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы №161-б буйругу аткарууга алган №84 буйругу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында короновирус оорусунун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында "Өзгөчө кырдаалдар" режими киргендигине байланыштуу той аштарга , жылдык өткөрүүгө, жамааттарда чогулуп кандайдыр бир иш-чараларды өткөрүүгө, оюн-зоок компьютердик клубтарды иштетүүгө, спорттук иш чараларды, элдик жыйындарды өткөрүүгө, чогулуп туруп алып узакка созулган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана башка эл чогулган бардык иш-чараларга катуу тыюу салынсын
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында себепсиз ары бери жүргөн жеңил автоунааларга кечки саат 20-00 дөн танкы саат 05-00 гө чейин жүрүүгө катуу тыюу салынсын. Биринчи эскертүү берилсин, эгерде эскертмени аткарбаса, өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу тиешелүү мекемелер менен бирге документтештирилип мыйзам чегинде каралсын.
3. Азык түлүк саткан дүкөндөр эрте мененки саат 08-00 дөн кечки саат 20-00 чейин гана иштесин.
4. Айыл өкмөтүнүн аймагында спирт ичимдиктерин сатууга убактылуу тыюу салынсын
5. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы такси тейлөө кызматын көрсөткөн компаниялар убактылуу токтотулсун
6. Жеке ишкердик менен өз кызыкчылыгын ойлогон, азык түлүктүн баасын кымбаттатып саткан өзүнчө соода түйүн ачып алып иштеп жаткан жарандарга тиешелүү мекмелер менен бирге кылмыш жазаларын колдонуу менен бирге катуу иш чаралар жүргүзүлсүн.
7. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында "2019-п СОV аталышындагы каронавирус оорусун, респиротордук вирустук инфекциясынын алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында калктын кыймылын токтотуу үйүнөн чыгарбай кармоо үчүн Гүлчө айылына кире бериштеги СУ ишканасынын жаны, Бөкөев көчөсүнүн төмөнкү тарабы, Алымбек датка көчөсү менен Маматалиев көчөсүнүн кесилиши, Нарматов көчөсү менен Эрмекбаев кесилиши, Алай көчөсү, Мамбетов, Курманжан Датка көчөлөрү Парманас мектебинин жаны атайын тосмолор менен тосулсун.
8. Башка айыл өкмөтүнөн келген жарандардын жана автоунаалардын себепсиз жүрүшүнө тыюу салынсын. Азык түлүк товарлары үчүн ар бир айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү келип алып кетүүсү каралсын.
9. Сырттан келген мал жандыктарга тиешелүү мекемелер менен бирге атайын пост уюштурулсун жана уруксат кагазы жок кирген мал жандыктардын кирүүсүнө тыюу салынсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жана айылдык кенештин бардык депутаттарына жүктөлсүн.
Гүлчө айыл округунун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |