Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 43 сессиясы
2020-жылдын 24-марты № 43/3
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №3 балдар бакчасынын 2020-жылдын 23-мартындагы чыгыш №5 катына ылайык бакчанын ичинде көп жылдык теректер кооптуу болуп жаткандыктан 32 (отуз эки) даана теректи кыйдыруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 43-отуруму №3 балдар бакчасынын башчысы Н.Самиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №3 балдар бакчасынын 2020-жылдын 23-мартындагы чыгыш №5 катына ылайык бакчанын ичинде көп жылдык теректер суунун боюнда болгондуктан ичи чирип кулап түшүү коркунучунда болуп, бакчанын имаратын жана балдарды басып калуу коркунучунда тургандыктан 32 (отуз эки) даана терек кыйдырылсын.
2. Кыйылган теректер базар баасында сатылып бакчанын көйгөйлөрүн чечүүгө жумшалсын жана кыйылган теректердин ордуна ийне жалбырактуу көчөттөр эгилип калыбына келтирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |