Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл округунун айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 18-заседаниеси
2020-жылдын 24-марты № 43/4
Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүнүн аягындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде
турган жер тилкесинен айыл өкмөтүнүн аймагындагы
турмуш-шарты оор, жакыр жашашкан көп балалуу
үй-бүлөөлөргө демөөрчүлөр тарабынан курулуп бериле турган үйлөр үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 43- отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап ошондой эле Нарматов көчөсүнүн аягындагы муниципалдык жер тилкесине түзүлгөн башкы планды карап чыгып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүнүн аягындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер тилкесинен айыл өкмөтүнүн аймагындагы турмуш-шарты оор, жакыр жашашкан көп балалуу үй-бүлөөлөргө демөөрчүлөр тарабынан курулуп бериле турган үйлөр үчүн 2,5гектар болгон жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Юридикалык документин даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына ошондой эле "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын.
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |