Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 44 сессиясы
2020-жылдын 17-апрели № 44/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Алай району боюнча башкармалыгынын 2020-жылдын 16-апрелиндеги чыгыш №021/20/14-1/718 катына ылайык Кыргыз Республикасындагы Коронавирус оорусунун жайылып жаткандыгына байланыштуу КР салыктык эмес төлөмдөр боюнча кодексинин 24 главасынын 74-беренесинин негизинде таштандыларды чыгаруу боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартып берүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында короновирус оорусунун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы Коронавирус оорусунун жайылып жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн таштандыларды чыгаруу боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтү 2020-жылдын 1-июлуна чейин узартылсын.
2. Көрсөтүлгөн мөөнөттө таштанды салыгын толугу менен толтуруу айыл өкмөтүнүн салык инспектору И.Джамшитовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |