Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл округунун айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 18-заседаниеси
2020-жылдын 17-апрели № 44/2
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 14-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы " Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдын жыйынтыгы жана 2020-жылга милдеттери жөнүндөгү" №01-к токтомун аткарууга алган №101 буйругун аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал базардын иштөөсү аптанын ишемби күнүнө жылдырылсын.
2. Мал базарды жылдыруу боюнча калк арасына жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерелрине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |