Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 44 сессиясы
2020-жылдын 17-апрели № 44/4
Гүлчө айыл өкмөтүнүн Гүлчө айылына жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Т.Байгазаковдун билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 2018-жылдын 27-январындагы Муниципиалдык баланска алуу боюнча 62-беренесинин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылынынын Топбаз участкасына бара жаткан жолдогу эски көпүрөнүн жанына жылкыларга чип басуу үчүн РАСКОЛ курууга 0,3 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарды мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |