Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 44 сессиясы
2020-жылдын 17-апрели № 44
Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүнүн аягындагы Мурзаматов Абдибашимдин короосунан кийинки айыл
өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер тилкесинен айыл өкмөтүнүн аймагындагы турмуш- шарты оор, жакыр жашашкан үй-бүлөөлөргө жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын - отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап ошондой эле Нарматов көчөсүнүн аягындагы Мурзаматов Абдибашимдин короосунан кийинки муниципалдык жер тилкесине түзүлгөн башкы планды карап чыгып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктун ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32-беренесинин 1-пунктун карап чыгып Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүнүн аягындагы Мурзаматов Абдибашимдин
короосунан кийинки айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер тилкесинен айыл өкмөтүнүн аймагындагы турмуш-шарты оор, жакыр жашашкан төмөндөгү 16 (он алты) үй-бүлөөгө 500,0чарчы метрден турак жай куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилсин. (тизме тиркелет).
2. Юридикалык документин даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына ошондой эле "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын.
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |
Нарматов көчөсүнүн аягындагы Мурзаматов Абдибашимдин короосунан кийинки айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер тилкесинен жеке менчик турак жай куруу үчүн айыл өкмөтүнүн аймагындагы турмуш-шарты оор, жакыр жашашкан үй-бүлөөлөрдүн Т И З М Е С И.
№ | Ф.А.А. | Ала турган жеринин аянты, га |
|
1 | Ажибаев Темирбек Жаанбаевич | 0,05 |
|
2 | Абдрасулов Самат Тургунбаевич | 0,05 |
|
3 | Карыбекова Элеонора Раевна | 0,05 |
|
4 | Байыш уулу Замирбек | 0,05 |
|
5 | Арзибек уулу Жанарбек | 0,05 |
|
6 | Баитов Нургазы Кадырмаматович | 0,05 |
|
7 | Джоробаев Канжигит Конурбаевич | 0,05 |
|
8 | Маматбеков Бактыбек Атанбекович | 0,05 |
|
9 | Жакыпов Алмазбек Кожоназарович | 0,05 |
|
10 | Сапарбай уулу Эркинбек | 0,05 |
|
11 | Ибраимов Жанатбек Курманбекович | 0,05 |
|
12 | Алиева Рахат Арзиевна | 0,05 |
|
13 | Кожоева Таттугул Тажибаевна | 0,05 |
|
14 | Калыкова Орозбү | 0,05 |
|
15 | Жээнтай уулу Самат | 0,05 |
|
16 | Джоробаев Акылбек Кубатович | 0,05 |
|
| Бардыгы | 0,80га |
|
Гүлчө айылдык Кеңешинин катчысы: Кадырова Э.