Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 45 сессиясы
2020-жылдын 10-июну № 45/2
Гүлчө айылынын борбордук стадиондун ичине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Примов Улан Бердибаевич тарабынан курулган спорт комплексти Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбек билдирүүсүн угуп жана талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын борбордук стадиондун ичине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Примов Улан Бердибаевич тарабынан курулган спорт комплекс Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Гүлчө айылындагы спорт комплексти мыйзам чегинде кабыл алуу, инвентаризациялоо менен кириш кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жана ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн Гүлчө айылынын жаштарын спорт менен машыгуусуна шарт түзүп, өз каражатынын эсебинен спорткомплексти куруп берген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Примовго Гүлчө айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин атынан ыраазычылык кат берилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын..
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |