Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 45 сессиясы
2020-жылдын 10-июну № 45/3
Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансасында турган Гүлчө айылынын борбордук стадиондун ичине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Примов Улан Бердибаевич тарабынан курулган спорткомплексти убактылуу иштетүү үчүн ижарага берүү боюнча
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Гүлчө айылынын борбордук стадиондун ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Примов Улан Бердибаевич тарабынан курулган спорт комплекс 15 (он беш) жылдык мөөнөттө "Примов" кайрымдуулук фондуна ижарага берилсин.
2. Спорт комплекстин ичин ремонттоо, кышкысын көмүр менен камсыздоо жумушчулардын акысын, жер салыктарын, жарыктандыруучу төлөмдөрүн төлөө ижарага алуучу "Примов" кайрымдуулук фондуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |