Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 46 сессиясы
2020-жылдын 27-июлу № 46/1
Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 2-июлундагы №154 буйругу менен 2020-жылдын 15-июлундагы (COVID-19) инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу, ыкчам түрдө иш алып баруу максатында бирдиктүү иш-алып баруу штабынын №14 протоколу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында короновирус оорусунун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында коронавирус илдетинин жайылуусун алдын алуу максатында той-аштарды, юбилейлерди, жылдык өткөрүү, куран окутууларга катуу тыюу салынсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу такси кызматтарына эрте менен саат 8:00дөн тартып кечки 20:00гө чейин иш жүргүзүүсүнө уруксат берилип, баш ийбеген учурда мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы азык-түлүк дүкөндөрү, оюн-зоок залдары,билярд,компьютердик залдар, эрте менен 8-00 дөн тартып кечкисин 22-00 гө чейин, ал эми коомдук тамактануучу жайлар, жаратылыштагы эс алууларга кечки саат 20:00 гө чейин иштөөсүнө чектөөлөр киргизилип, баш ийбеген учурда мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жана айылдык кенештин бардык депутаттарына жүктөлсүн.
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |