Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 46 сессиясы
2020-жылдын 27-июлу № 46/3
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы калктын коопсуздугун сактоо максатында Эрмекбай уулу Аматбек көчөсүн Нарматов көчөсүнөн Алымбек датка көчөсү менен кесилишине чейин, Нарматов көчөсү Эрмекбай уулу Аматбек көчөсүнүн кесилишинен Маматалиев көчөсүнө чейин, Маматалиев көчөсү Алымбек датка көчөсүнүн кесилишине чейин бир тараптуу автоунаалар каттамын түзүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында короновирус оорусунун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы калктын коопсуздугун сактоо максатында Эрмекбай уулу Аматбек көчөсүн Нарматов көчөсүнөн Алымбек датка көчөсү менен кесилишине чейин, Нарматов көчөсү Эрмекбай уулу Аматбек көчөсүнүн кесилишинен Маматалиев көчөсүнө чейин, Маматалиев көчөсү Алымбек датка көчөсүнүн кесилишине чейин бир тараптуу автоунаалар каттамы түзүлсүн.
2. Түзүлгөн бир тараптуу автоунаалар каттамы жүргөн көчөлөргө жол белгилерин, светофор коюу жагы Гүлчө Тазалык ишканасынын жетекчиси Э.Тажиковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин мыйзамдуулук жана этика комиссиясына жүктөлсүн.
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |