Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 47 сессиясы
2020-жылдын 07-августу № 47/2
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарда 2004-жылы Мамлекеттик системалык каттоо жүргөн мезгилде кыймылсыз мүлк бирдиктеринин ээси жок деп катталган жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин жазган билдирүүсү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 47 - отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын 31-беренесинин 16-пунктуна ылайык Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарда 2004-жылы Мамлекеттик системалык каттоо жүргөн мезгилде кыймылсыз мүлк бирдиктеринин ээси жок деп катталган кыймылсыз мүлк бирдиктерин мыйзамдаштыруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын.
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |