Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 48-отуруму
2020-жылдын 14-сентябры № 48/2
Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 2-июлундагы №154 буйругу менен 2020-жылдын 13-августундагы (COVID-19) инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу, ыкчам түрдө иш алып баруу максатында бирдиктүү иш-алып баруу штабынын №18 протоколу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында короновирус оорусунун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылдык кенешинин 2020-жылдын 27-июлундагы №46/1 токтомунда көрсөтүлгөн Гүлчө айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы азык-түлүк дүкөндөрү, оюн-зоок залдары,билярд,компьютердик залдар, эрте менен 8-00 дөн тартып кечкисин 22-00 гө чейин, ал эми коомдук тамактануучу жайлар, жаратылыштагы эс алууларга кечки саат 20:00 гө чейин иштөөсүнө киргизилген чектөөлөр алынып салынсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы кафелерге 30 дан 50 адамга чейин санитардык эрежелерди сактап кабыл алууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жана айылдык кенештин бардык депутаттарына жүктөлсүн.
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |