Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 52-отуруму
2020-жылдын 30-декабры № 52/2
Гулчо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин
2019-жылга аткарылышы, 2020-жылга маалыматы, 2021-жылга жергиликтуу бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2022-2023-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 52-отуруму Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 35681,9 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 31 605,1 мин сом, атайын каражат– 4076,8 мин сомго, жана чыгаша бөлүгү 36 176,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 37 435,8 миң сомго анын ичинен тендоочу грант жок, оздук киреше 33 680,5 мин сомго жана атайын каражат 1417,4 мин сомго, республикалык бюджеттен 2337,9 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 33 082,9 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
4. 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 44 732,0 миң сомго, анын ичинен: тендөөчү грант жок, өздүк киреше 40502,0 мин сомго, атайын каражаттан-4230,0 мин сомго бекитилсин
2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 46 435,0 миң сомго анын ичинен: тендөөчү грант жок, атайын каражат-4230,0 мин сомго өздүк киреше 42 205,0 мин сомго долбоорунун болжолу бекитилсин.
2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 47 791,0 миң сомго анын ичинен: тендөөчү грант жок, атайын каражат-4230,0 мин сомго өздүк киреше 43 561,0 мин сомго долбоорунун болжолу бекитилсин.
5.Гүлчө айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулчо айыл өкмөтүнүн башчысы
С.К.Исаевге жана финансы-экономика болумунун башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээнбеков Д |