Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун
2020-жылдын 29-декабры № 28/1
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Джалилов Азамжан Абдуллажановичтин 2020-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А.Джалиловдун 2020-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү» маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А.Джалиловдун отчетун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Джалилов Азамжан Абдуллажановичтин 2020-жыл ичинде жүргүзгөн иштери депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды аткаруу боюнча иш-чара түзүү жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасынын орун басары |
П. Эргешева
|