Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун
2020-жылдын 29-декабры № 28/2
Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2020-жылдын 2-жарым жылынын планына тактоо киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 17-декабрындагы № 12 жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 4-декабрындагы №6 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2020-жылга бюджетинин 2-жарым жылынын кирешелер планынан 1-тиркемеге ылайык 14888,4 миң сом: анын ичинен бюджеттик каражаттардан 11823,5 миң сом, атайын каражаттардан 3064,9 миң сом кыскартууга макулдук берилсин.
Төрага | А. Джалилов
|
Өзгөн шаардык кеңешинин
2020-жылдын 29-декабрындагы
кезектеги XXVIII сессиясынын №28/2
токтомунун 1-тиркемеси
Өзгөн шаардык бюджетинин 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата кыскартылган кирешелери боюнча маалымат
№ | Кыскартыла турган салыктын түрлөрү | Суммасы (миң сом менен) |
1 | Киреше салыгынан (подоход налог) | 1870,0 |
2 | Ыктыярдуу патент | 3598,0 |
3 | Милдеттүү патент | 69,2 |
4 | Мүлк салыгынан | +100,0 |
5 | Бирдиктүү салык | 124,8 |
6 | Транспорт салыгы | +370.0 |
7 | Айыл-чарбасына жараксыз жерлердин салыгы | 266,7 |
8 | Сатуудан алынуучу салык | 6364,8 |
9 | Атайын каражаттын эсебинен | 3064,9 |
10 | Бардыгы | 14888,4 |
11 | Жергиликтүү бюджет | 11823,5 |
12 | Транспорт салыгына кошумча план жеткирилди | +470.0 |
13 | Атайын каражаттардан | 3064,9 |
Өзгөн шаардык кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы кезектеги XXVIII сессиясынын №28/2 токтомунун 2-тиркемеси
Өзгөн шаардык бюджетинин 2020-жылдын 2-жарым жылдыгында 2020-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинен жана бюджеттин чыгашаларынан кыскартылган иштердин тизмеси
№ | Титулдук тизмедеги номери | Кыркартылуучу жумуштун аталышы | Суммасы (миң сом менен) |
1 | VIII-1 | Ысык тамакка (Курманжан датка, Бабур мектептери) | 2463,0 |
2 | VIII-2 | Бала бакча курууга | 8732,7 |
3 | Ст.221811 | Балдар бакчасынын тамак ашынан (шахматкадан) | 627,8 |
|
| Баардыгы | 11823,5 |
Өзгөн шаардык кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы кезектеги
XXVIII сессиясынын №28/2 токтомунун 3-тиркемеси
2020-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги Ленин көчөсүндөгү тротуарды оңдоого каралган каражаттын эсебинен аткарыла турган кошумча иштердин тизмеси.
№ | Аткарылуучу жумуштардын аталышы | Суммасы (миң сом) |
1. | Өзгөн шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандырууга “Өзгөн тазалык” көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылган иштерге | 650,0 |
2. | Электриктерге спец.форма набор ключ жана башка керектелүүчү шаймандарды сатып алууга | 29,7
|
3. | Жарнак орнотуучу тактайчаны оңдоого | 41,0 |
4. | С.Атажанов көчөсүндөгү түнкү жарыктар үчүн жана “Жаныбек-Казы” кварталында “Бахмал” мүрзөсүнө түнкү жарыктар үчүн тетиктерди сатып алууга | 29,0 |
5. | Алишер Навои мектебинин спорт залына | 219,0 |
6. | Жаңы Өзгөн кварталдык комитетиндеги көп кабаттуу үйлөрдү актап сырдоого (ДАТП аркылуу) | 42,8 |
7. | Борбор кварталындагы көп кабаттуу үйлөрдү актап сырдоого | 200,0 |
| Жалпы керектелүүчү чыгым | 1211,5 |