Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун
2020-жылдын 29-декабры № 28/4
«Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отуруму “Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу жөнүндөгү” жобого ылайык күн тартибине киргизилген маселе боюнча «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 21-декабрындагы отурумунун №6 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Мавлянов Патийдин Мирзалиевичге, Мамасадыков Рустам
Алайбековичге, Төрө Бекташевге жана Узаков Курбанали Узаковичге «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган жарандарга «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылгандыгын тастыктоочу документтерди
даярдоо жана салтанаттуу тапшырууну уюштуруу Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер,
мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов
|