ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун
2020-жылдын 29-декабры № 28/5
Амир Темур атындагы орто мектебинде стимулдук гранттын эсебинен аткарыла турган иштерге жергиликтүү бюджеттен салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отуруму күн тартибине Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 25-декабрындагы №13 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- А.Темур атындагы орто мектебинин алдына брусчатка жаткырууга, мектептин айланасындагы тосмолорду жаңылоого, мектептин алды көрүнүшүн жана арткы жагындагы эшик терезелерди алмаштыруу максатында стимулдук гранттын эсебинен аткарыла турган иштердин долбоорун колдоого жергиликтүү бюджеттен 38 пайыз же 1 312 214 сом салым кошууга макулдук берилсин.
- Стимулдук гранттын эсебинен аткарыла турган иштерди 2021-жылда аткарыла турган иштердин титулдук тизмесине киргизүү, бөлүнгөн каражаттарды эффективдүү пайдалануу жагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Р.Исабаевге жана аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри М.Халматовго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.