Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясынын отурумунун
2021-жылдын 25-февралы № 29/1
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылга карата иш планы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна өз мөөнөтүндө жана сапаттуу даярдоо туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
3. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна даярдоодо Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына көмөк көрсөтүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалиловго тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов
|
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылдын 25-февралындагы кезектеги XXIX сессиясынын №29/1 токтомунун тиркемеси
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылга карата
иш-планы
I квартал:
Январь-февраль айында:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылга карата иш-планын бекитүү.
2. Өзгөн шаарынын 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышын жана 2021-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү
«Бюджет, салык жана экономика
саясаты боюнча» туруктуу комиссия
3. Ар түрдүү маселелер.
Февраль айында:
1. Өзгөн шаар мэринин 2020-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету
2. Өзгөн шаарынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (2021-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмеси)
3. «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссия
«Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча туруктуу комиссия
4. Ар түрдүү маселелер.
Март айында:
1. Өзгөн шаарынын вице-мэрлеринин, шаардык мекемелердин жетекчилеринин, муниципалдык ишканалардын директорлорунун жүргүзүп жаткан иштери
2. Шаардагы коомдук уюмдардын жүргүзүп жаткан иштери (аксакалдар соту, аялдар, жаштар комитети)
«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссия
3. Ар түрдүү маселелер.
II квартал:
Апрель айында:
1. Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын шаар тургундарына эс алууга шарт түзүүдө жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия
2. Өзгөн шаардык мэриясынын «Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча» комиссиясынын 2020-жылда жүргүзгөн иштери жана 2021-жылда жүргүзүп жаткан иштери
«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссия
3. Өзгөн РЭТ ишканасынын шаардын элин тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери
«Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча» туруктуу комиссия
4. Ар түрдүү маселелер.
Июнь айында:
1. Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштер
«Муниципалдык менчик, жер маселелери,
курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссия
III квартал:
Август айында:
1. Өзгөн шаар мэринин 2021-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету
2. Өзгөн шаардык бюджетинин 2021-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы
«Бюджет, салык жана экономика
саясаты» боюнча туруктуу комиссия
3. Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча туруктуу комиссия
4. Ар түрдүү маселелер.
Сентябрь айында:
1. 2021-жылдын титулдук тизмесиндеги иштерди аткарууда Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча туруктуу комиссия
2. Өзгөн шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн шаарга инвестиция тартууда жана Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүн толтурууда жүргүзүп жаткан иштери
«Бюджет, салык жана экономика
саясаты» боюнча туруктуу комиссия
3. Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү,
саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар
саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия
4. Ар түрдүү маселелер.
IV квартал:
Октябрь айында:
1. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча туруктуу комиссия
2. Ар түрдүү маселелер.
Декабрь айында:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын 2021-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету
2. Өзгөн шаарынын 2022-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү.
3. Ар түрдүү маселелер.