Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясынын отурумунун
2021-жылдын 25-февралы № 29/2
Өзгөн шаарынын 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышын жана Өзгөн шаарынын 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык жана “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча” туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 5-январындагы №1, 6-январындагы №2, 21-январындагы №3, 26-январындагы №4, 27-январындагы № 5, 2-февралындагы №6, 3-февралындагы №7, 9-февралындагы №8 протоколдорунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2020-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 94178,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү 86941,3 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2..2021-жылга шаардын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар 1-тиркемеге ылайык 98175,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2022-жылга божомолу 2-тиркемеге ылайык 100141,5 миң сом, 2023-жылга божомолу 3-тиркемеге ылайык 102427,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоону биринчи кезекте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашыруу шаардык мэриясына сунушталсын.
5. Шаардык бюджеттик мекемелерге, муниципалдык ишканаларга казыналыктын регионалдык бөлүмүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын жана башка кирешелерди чыгымдоого тыюу салынсын.
6. Салык агенти төлөгөн киреше салыгынан эсептеп өткөрүүлөрдөн 100 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
7. Шаардын бюджетине ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, кичи ишканалардан алынуучу бирдиктүү салык, мүлккө салык, юридикалык жана физикалык жактардан алынуучу жер салыгынан эсептеп өткөрүүлөрдүн өлчөмү 100 пайыз жергиликтүү бюджетке түшөөрү белгиленсин.
8. 2021-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар 12248,3 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине ылайык шаар мэриясынын резервдик фонду 800,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде шаардык мэриясынын штаттык сан-эсеби жана түзүмү 4-тиркемеге ылайык, шаардык кеңештин аппаратынын штаттык сан-эсеби жана түзүмү 5-тиркемеге ылайык, Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин штаттык сан-эсеби жана түзүмү 6-тиркемеге ылайык, кварталдык комитеттердин штаттык сан-эсеби жана түзүмү 7-тиркемеге ылайык, Өзгөн шаардык маданият бөлүмүнүн штаттык сан-эсеби жана түзүмү 8-тиркемеге ылайык, Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын штаттык сан-эсеби жана түзүмү 9-тиркемеге ылайык, Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын штаттык сан-эсеби жана түзүмү 10-тиркемеге ылайык, Өзгөн-Таза суу муниципалдык ишканасынын штаттык сан-эсеби жана түзүмү 11-тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомунун негизинде 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Өзгөн шаардык мэриясынын, шаардык кеңештин, МММБ департаментинин, шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына (кызматтык маянасына) ай сайын кошумча 30% төлөнсүн. МММБ департаментинин электригинин эмгек акысына (кызматтык маянасына) ай сайын кошумча 50% төлөнсүн. Өзгөн шаар мэриясынын, шаардык кеңештин, МММБ департаментинин, шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлерин социалдык жактан колдоо үчүн кошумча төлөмдөрдүн 2021-жылга эсеби 12-тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. Элге социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн 272131 “Элге жеңилдиктер” статьясынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 13-тиркемеге ылайык 800,0 миң сом, 27216 “Өзгөчө кырдаалдан жабыр таркткандарга кайтарымсыз жардам” статьясынанан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 14-тиркемеге ылайык 1000,0 миң сом каржылоого макулдук берилсин.
12. 2022-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүргүзүлүүчү нак акча 700,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
13. 2021-жылдын 1-январына карата шаардык бюджетте 14713,2 миң сом эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын. Бюджеттик мекемелердин атайын эсебинде 2021-жылдын 1-январына карата 139,0 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын жана мыйзамга ылайык ар бир бюджеттик мекеменин өзүнүн керектөөсүнө иштетилсин.
14. Кварталдык комитеттердин төрагаларынын эмгек акысын төлөө муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти аркылуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
15. Каражаттардын жетишпестигине байланыштуу 2019-жылдын жыйынтыгы менен 1-январь 2020-жылга шаардык бюджетте калган 7148,0 миң сом эркин калдыктын МММБ департаментине каржыланганы эсепке алынсын.
16. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын 2021-жылдын 6 айлык жыйынтыгы боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин сессиясында отчет берүү шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
17. Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым Өзгөн шаарынын аймагында бир парковка орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн 5 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.
18. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө шаар мэриясы менен биргеликте иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
19. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов
|
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылдын 25-февралындагы кезектеги XXIX сессиясынын №29/2 токтомунун 1-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2021-жылга карата бюджетинин долбоору
№ | Кирешелер | Суммасы, миң сом |
1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 41500,0 |
2 | Бирдиктүү салык | 1185,0 |
3 | Милдетүү патенттин негизиндеги салык | 3038,0 |
4 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 32627,0 |
5 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1307,3 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 4130,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2310,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 20,7 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 3181,5 |
10 | Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым | 41,0 |
11 | Жер үчүн ижара акы | 2050,0 |
12 | Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 485,0 |
13 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 6300,0 |
| КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 98175,5 |
№ | Чыгашалар | мин сом |
1 | Мамлекеттик башкаруу | 11448,3 |
2 | Шаар мэриясынын резервдик фонду | 800,0 |
3 | Турак-жай чарбасы | 62748,8 |
4 | Маданият бөлүмү | 2634,4 |
5 | Билим берүү бөлүмү | 18744,0 |
6 | Социалдык коргоо бөлүмү | 1800,0 |
| ЧЫГАШАЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 98175,5 |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылдын 25-февралындагы кезектеги XXIX сессиясынын №29/2 токтомунун 2-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу
№ | Кирешелер | Суммасы, миң сом |
1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 43866,0 |
2 | Бирдиктүү салык | 1185,0 |
3 | Милдетүү патенттин негизиндеги салык | 3038,0 |
4 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 32627,0 |
5 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1307,3 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 4130,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2310,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 20,7 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 3181,5 |
10 | Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым | 41,0 |
11 | Жер үчүн ижара акы | 2050,0 |
12 | Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 485,0 |
13 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 6300,0 |
| Жыйынтыгы: | 100541,5 |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылдын 25-февралындагы кезектеги XXIX сессиясынын №29/2 токтомунун 3-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2023-жылга карата бюджетинин божомолу
№ | Кирешелер | Суммасы, миң сом |
1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 45752,0 |
2 | Бирдиктүү салык | 1185,0 |
3 | Милдетүү патенттин негизиндеги салык | 3038,0 |
4 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 32627,0 |
5 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1307,3 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 4130,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2310,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 20,7 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 3181,5 |
10 | Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым | 41,0 |
11 | Жер үчүн ижара акы | 2050,0 |
12 | Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 485,0 |
13 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 6300,0 |
| Жыйынтыгы: | 102427,5 |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылдын 25-февралындагы кезектеги XXIX сессиясынын №29/2 токтомунун 4-тиркемеси
Өзгөн шаар мэриясынын аппаратынын 2021-жылга карата типтүү түзүмү жана штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | 2 | 3 |
1 | Мэр | 1 |
2 | Биринчи вице-мэр | 1 |
3 | Вице-мэр | 1 |
4 | Аппарат жетекчиси | 1 |
5 | Бөлүм башчы | 1 |
6 | Башкы адис | 7 |
7 | Жетектөөчү адис | 6 |
8 | Адис | 3 |
Бардыгы (жооптуу кызматкерлер) | 21 | |
9 | ТТП | 2 |
10 | КТП | 2 |
Бардыгы (тейлөөчү персонал) | 4 | |
Бардыгы (персонал) | 25 | |
Башкы адис: Д. Турдахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылдын 25-февралындагы кезектеги XXIX сессиясынын №29/2 токтомунун 5-тиркемеси
Өзгөн шаардык кеңешинин аппаратынын 2021-жылга карата типтүү түзүмү жана штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | 2 | 3 |
1 | Төрага | 1 |
2 | Жооптуу катчы | 1 |
3 | Башкы адис | 1 |
4 | Жетектөөчү адис | 2 |
5 | Адис | 1 |
Бардыгы (жооптуу кызматкерлер) | 6 | |
Башкы адис: Д. Турдахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылдын 25-февралындагы кезектеги XXIX сессиясынын №29/2 токтомунун 6-тиркемеси
Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин 2021-жылга карата түзүмү жана штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | 2 | 3 |
1 | Директор | 1 |
2 | Башкы адис | 2 |
3 | Жетектөөчү адис | 3 |
4 | Адис | 3 |
Бардыгы (жооптуу кызматкерлер) | 9 | |
5 | ТТП | 1 |
6 | КТП | 5 |
Бардыгы (тейлөөчү персонал) | 6 | |
Бардыгы (персонал) | 15 | |
Башкы адис: Д. Турдахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылдын 25-февралындагы кезектеги XXIX сессиясынын №29/2 токтомунун 7-тиркемеси
Өзгөн шаардык кварталдык комитеттердин
2021-жылга карата түзүмү жана штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | 2 | 3 |
1 | Кварталдык комитеттин төрагасы | 21 |
Бардыгы | 21 | |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылдын 25-февралындагы кезектеги XXIX сессиясынын №29/2 токтомунун 8-тиркемеси
Өзгөн шаардык маданият бөлүмүнүн 2021-жылга карата
түзүмү жана штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | 2 | 3 |
1 | Директор | 1 |
2 | Хормейстер | 1 |
3 | Режиссер-коючу | 1 |
4 | Музыкант | 1 |
5 | Методист | 1 |
6 | Бухгалтер | 1 |
7 | Руководитель кружков | 1 |
Бардыгы (жооптуу кызматкерлер) | 7 | |
8 | КТП | 1 |
Бардыгы (тейлөөчү персонал) | 1 | |
Бардыгы (персонал) | 8 | |
Башкы адис: Д. Турдахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылдын 25-февралындагы кезектеги XXIX сессиясынын №29/2 токтомунун 9-тиркемеси
Өзгөн шаарынын Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын 2021-жылга карата түзүмү жана штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | 2 | 3 |
1 | Директор | 1 |
2 | Эсепчи | 1 |
Бардыгы (жооптуу кызматкерлер) | 2 | |
3 | ТТП | 3 |
4 | КТП | 3 |
Бардыгы (тейлөөчү персонал) | 6 | |
Бардыгы (персонал) | 8 | |
Башкы адис: Д. Турдахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылдын 25-февралындагы кезектеги XXIX сессиясынын №29/2 токтомунун 10-тиркемеси
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын
2021-жылга карата түзүмү жана штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | 2 | 3 |
1 | Директор | 1 |
2 | Башкы эсепчи | 1 |
3 | Башкы инженер | 1 |
4 | Абоненттерди тейлөө бөлүмүнүн башчысы | 1 |
5 | Коммерциялык багыттагы жеке ишкерлер менен иштөөчү инспектор | 1 |
6 | Оператор | 1 |
7 | Кагаз иштерин жүргүзүүчү адис | 0,5 |
8 | Кадрлар боюнча инспектор жана архив иштери | 0,5 |
9 | Кассир | 1 |
10 | Архив иштери | 0,5 |
11 | Кызматтык каналарды тазалоочу | 1 |
12 | Тракторист | 5,5 |
13 | Айдоочу | 9 |
14 | Эксковаторщик | 1 |
15 | Жүктөөчү | 14 |
16 | Бульдозерист | 1 |
17 | Ширетүүчү | 1 |
Бардыгы (жооптуу кызматкерлер) | 41 | |
18 | Агроном | 1 |
19 | Көчө тазалоочулар | 16 |
20 | Атайын таштандыларды таштоочу жайдын көзөмөлдөөчүсү | 1 |
21 | Багбан (мезгилдүү) | 4 |
22 | Мурап (мезгилдүү) | 1 |
23 | Мергенчи | 1 |
Көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча баардыгы | 24 | |
Бардыгы (персонал) | 65 | |
Башкы адис: Д. Турдахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылдын 25-февралындагы кезектеги XXIX сессиясынын №29/2 токтомунун 11-тиркемеси
“Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата түзүмү жана штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | 2 | 3 |
1 | Директор | 1 |
2 | Улуу инженер | 1 |
3 | Башкы эсепчи | 1 |
4 | Абоненттерди тейлөө бөлүмүнүн башчысы | 1 |
5 | Инженер ТБ | 1 |
6 | Проект боюнча башкы адис ОРП | 1 |
7 | Проект боюнча адис ОРП | 1 |
8 | Мамлекеттик сатып алуу, тендер боюнча адис | 1 |
9 | Юрист | 1 |
10 | Кадрлар боюнча иш жүргүзүүчү адис | 1 |
11 | Кассир | 1 |
12 | Расчеттук эсепчи | 1 |
13 | Экономист | 1 |
14 | Оператор | 2 |
15 | Калк, коммерциялык үчүн карыздарды өндүрүү инспектору | 1 |
16 | Инженер ПТО | 1 |
17 | Прибор учет водомер техникалык шарт үчүн адис | 1 |
18 | Хлоратор | 1 |
19 | Суу дарыгери (лаборант) | 1 |
20 | Оңдоо иштери бөлүмүнүн башчысы | 1 |
21 | Оңдоо иштеринин устасы | 6 |
22 | Суу бөлүштүрүү (регулировщик) | 1 |
23 | Суу соргучту башкаруучу | 6 |
24 | Механик | 1 |
25 | Энергетик | 1 |
26 | Электромонтер | 1 |
27 | Газоэлектросварщик | 1 |
28 | Айдоочу Эксковаторщик (трактор Беларусь) | 1 |
29 | Айдоочу Эксковаторщик (Самсунг) | 1 |
30 | Айдоочу | 6 |
Бардыгы (жооптуу кызматкерлер) | 46 | |
31 | ТТП (Башкы суу насосундагы моторист эл двигат) | 3 |
32 | КТП | 5 |
Бардыгы (тейлөөчү персонал) | 8 | |
Бардыгы (персонал) | 54 | |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылдын 25-февралындагы кезектеги XXIX сессиясынын №29/2 токтомунун 12-тиркемеси
Өзгөн шаар мэриясынын, шаардык кеңештин, МММБ департаментинин, шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлерин социалдык жактан колдоо үчүн кошумча төлөмдөрдүн 2021-жылга эсеби
|
Кызматкерлердин саны | Кызматтык маянасына ай сайын кошумча үстөк |
Кошумча төлөмдөрдүн жыйынтыгы | ||
30% |
Эмгек акы |
СФ | Жылдык эмгек акы фонду | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Шаардык мэрия | 22 | 78,4 | 1097,7 | 165,0 | 1262,2 |
Шаардык кеңеш | 6 | 21,8 | 305,2 | 45,9 | 351,1 |
МММБ департаменти | 9 | 25,2 | 352,8 | 53,0 | 405,8 |
Шаардык маданият бөлүмү | 8 | 13,2 | 158,4 | 27,3 | 185,7 |
Баардыгы: | 45 | 138,6 | 1914,1 | 291,2 | 2205,3 |