Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясынын отурумунун
2021-жылдын 25-февралы № 29/3
Өзгөн шаарында суюк таштандыларды ташып чыгаруу боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясынын отуруму күн тартибине Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 26-январындагы №4 жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 26-январындагы №1 протоколунун негизинде сунушталган маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын аймагындагы суюк таштандыларды ташып чыгаруу тарифтери төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:
- септиктерди тазалоодо 1м3 суюк таштандыларды ташып чыгаруу үчүн элге 261 сом, бюджеттик мекемелерге 300 сом, коммерциялык ишканаларга 350 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- ажатканаларды тазалоодо 1м3 суюк таштандыларды ташып чыгаруу үчүн элге 346,66 сом, бюджеттик мекемелерге 373,33 сом, коммерциялык ишканаларга 400 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Техникалык шартка төлөмдөр, суу түтүгүнө туташтыруу, суу өлчөгүч орнотуу иштеринин прейскуранты 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бекитилген тарифтер боюнча элге түшүндүрүү иштерин алып барып, Кыргыз Республикасынын Бааларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашып, 2021-жылдын 1-мартынан ишке киргизүү Өзгөн-Таза-Суу муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу А.Дүйшеевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов
|
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2021-жылдын 25-февралындагы кезектеги XXIX сессиясынын №29/3 токтомунун 1-тиркемеси
Өзгөн Таза-Суу муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын прейскуранты
I. Борбордук суу тармагына туташтыруу жана суу өлчөгүч орнотууга уруксат алуу үчүн абоненттик төлөмдөр
№ | Кызматтын аталышы | Тарифтин баасы (сом) |
1 | Суу түтүгүнө туташтыруу үчүн | 482,04 |
2 | Суу өлчөгүчтү туташтыруу үчүн жана пломба коюу үчүн | 267,30 |
II. Техникалык шарттын жана борбордук суу түтүгүнө туташтыруунун баасы
№ | Аталышы | Техникалык шартка | 10 метр аралыкка суу түтүгүн туташтыруу | Жалпы баасы |
1 | Калкка | 844,60 | 3726,43 | 4571,03 |
2 | Бюджеттик мекемелерге | 1127,60 | 3726,43 | 4854,03 |
3 | Коммерциялык мекемелерге | 1411,02 | 3726,43 | 5137,45 |
III. Суу өлчөгүч орнотуу тарифи
№ | Аталышы | Тарифи (сом) |
1 | Калкка, мекеме жана ишканаларга | 3963,04 |