Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясынын отурумунун
2021-жылдын 25-февралы № 29/5
Өзгөн–Тазалык муниципалдык ишканасынын аймагындагы уюлдук операторлордун антенасын орнотуп пайдаланып жаткан муниципалдык жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 9-февралындагы №8 отурумунун протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын аймагында уюлдук операторлордун антенасын орнотуп пайдаланып жаткан муниципалдык жерлердин ижара акысы 1м2 үчүн 350 сомдон бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Бааларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашып, 2021-жылдын 1-мартынан ишке киргизүү Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын директору Б.Мамадалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов
|