Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 38-сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 196
Бешкент айыл өкмөтүнүн 2017жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы боюнча жүргү-зүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнундө
Сессиянын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин 2019-жылдын 15-августундагы № 01-16/237 буйругунун негизинде Лейлек районундагы Бешкент айыл аймагынын 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттик түзүлүшү жана аткарылышы боюнча аудиттик жүргүзүү мезгилинде Бешкент айыл аймыгынын бюджеттик аткарылышында финансылык катачы- лыктар келип чыкандагын белгилеп жогорудагылардын негизинде Бешкент айылдык кеңешинин кезектүү сесиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Максатсыз чыгымдалган -292800 (эки жүз токсон эки мин сегиз жүз)сом Бешкент айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетинин эсебинен айыл өкмөттүн 2020-жыл-дын 28-январындагы №1 справка уведомлениянын негизинде беренелер боюнча такталып өз ордуна коюлсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |