Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 38-сессиясы
2020-жылдын 28-январы №197
Бешкент айыл өкмөтүндө 2019-жылдын жыйынтыгы, айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн негизги көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жана 2020-жылга божомолу жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы К.И.Мусаевтин Бешкент айыл өкмөтүндө 2019-жыл- дын жыйынтыгы, айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөт-күчтөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүндө 2019-жылдын жыйынтыгы жана айыл өкмөтүнүн социал-дык – экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы канаатан-дырарлык деп белгиленсин.
2. Бешкент айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүч-төрүнүн 2019-жылда аткарылышы боюнча ашыра аткарылгандыгы көнүлгө алынсын.
3. Бешкент айыл өкмөтүнүн социалдык өнүгүүсү, айылдарда инфраструктуранын жакшырышы боюнча туруктуу өнүгүү программасында кабыл алынган объекттердин бүткөрүлүүсү, алардын ар биринин план боюнча аткарылышын жакшы экендиги белгиленсин.
4. Бешкент айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүгүү программасын аткаруу үчүн талапты күчөтүү, орун алган кемчиликти тез арада жоюу, ички жана тышкы ре-зервдерден толук пайдалануу, бардык чарба жүргүзүүчү субьекттерге тапшырылсын.
5. Бешкент айыл өкмөтүндө 2020 – жылда социалдык – экономикалык өнүгүү програм-масынын көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү маалыматтарды райондук статистика комитетине квартал сайын отчеттук айдын акыркы күнгө чейин билдирип туруу атайын адиске тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |