БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 38-сессиясы
2020-жылдын 28-январы №198
Бешкент айыл өкмөтүнүн элин турак-жай менен камсыз кылуу максатында айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө.
Бешкент айыл өкмөтүнүн жер жана турак – жай боюнча жетектөөчү адиси Мехманов Давлаталинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Бешкент айыл өкмөтүнүн элин турак – жай менен камсыз кылуу максатында айыл өкмөтүнүн жер жана турак – жай боюнча бөлүмүнүн аткарган иштери канаатанды-рарлык экендиги белгилнесин.
- Бешкент айыл өкмөтүнүн элин турак – жай менен камсыз кылууда жарандарга жер участкаларын берүүнү даярдоо иштеринде кемчиликтер, жер участогун берүү ишин-деги кечигүүлөр, документтердин бүтпөй жатуусу сыяктуу кемчиликтерди жөнгө салуу жер жана турак – жай боюнча адистерине милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |