Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 38-сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 204
“Ага Хан” фонду тарабынан берилген эки баш Ангус жана Швиц тукумундагы букасы үчүн ири мүйүздүү малдарды уруктандыруунун баасын бекитип берүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы О.Баховотдиновко жазган 2020-жылдын 23-январындагы №30 сандуу сунуш каты боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору А.Хамраевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл өкмөтүндөгү “Ага Хан” фонду тарабынан берилген эки баш Ангус жана Швиц тукумундагы букасы үчүн ири мүйүздүү малдарды уруктандыруунун баасы 700 сомга бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |