Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 38-сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 205
Бешкент айыл өкмөтүнүн Арка участкасындагы Сирожидинов Муким сатып алган талаа станынын астындагы жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн атуулу Сирожидинов Мукимдын Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы О.Баховотдиновко жазган арзын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн атуулу Сирожиндинов Мукимдын Арка участкасындагы сатып алган талаа станынын астындагы жердин багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |