Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 39-сессиясы
2020-жылдын 6-февралы № 208
Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Бешкент айылдык маданият үйүнүн 2019-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Бешкент жайыт комитетинин төрагасы Д.Бекмирзаев-тин Бешкент жайыт комитетинин 2019-2023-жылдар үчүн иш планы жана 2020-жылдын бюджети, Бешкент айыл өкмөтү, АРИС уюму жана Бешкент жайыт комитетинин биргелешкен долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнө келген Беларус-82,2 эксковатордун иштөө тарифин өзгөртүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Бешкент жайыт комитетинин 2019-2023-жылдар үчүн иш планы жана 2020-жылдын бюджети бекитилсин.
2. Бешкент айыл өкмөтү, АРИС уюму жана Бешкент жайыт комитетинин биргелешкен долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнө келген Беларус-82,2 эксковатордун 1 саатка иштөө тарифи 1202 сомго өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |