Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 40-сессиясы
2020-жылдын 1-апрели № 212
Бешкент айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-апрелиндеги №217 сандуу сунуш каты боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы К.И.Мусаевтин Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2020-жылдын 8-март аялдардын Эл аралык майрамына 55000 (элүү беш миң) сом жана 21-март Нооруз элдик майрамына 110000 (бир жүз он миң) сом акча каражаты, Дүйнө жүзүндө массалык коркунучтуу жугуштуу ооруулардын чыгуусуна байланыштуу иштетилбей калган. Ошондуктан 165000 (бир жүз алтымыш беш миң) сом акча каражатын өзгөчө абалга байланыштуу Бешкент айыл өкмөтүнүн Кайрагач айылынын Баланд жар участкасындагы арыктын оңдоо иштери үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 3111 статьясына которуп берүү сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Бешкент айылдык маданият үйүнүн 2019-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бешкент айылдык маданият үйүнүн иш пландарынын аткарууда айыл өкмөтүнүн активист тургундары менен биргелешип иштөө жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |