Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42-сессиясы
2020-жылдын 13-майы № 215
Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа жумуштарынын абалы, эгиндерди суу менен камсыздоо, талаачылык иштеринин жүрүшү тууралуу Бешкент айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси Т.М.Джумабаеванын маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаачылык иштеринин жүрүшү канаатан-дырарлык экендиги көңүлгө алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын кайрак жерге эгилүүчү эгиндерди мол экендигин эсепке алып элди азык-түлүк менен камсыз кылуу иштерин көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адистерине милдеттендирилсин.
3. Эгиндерди суу менен камсыздоо, жаз келгендигине байланыштуу арык-каналдардын тазаланүүсүн, суу бөлүштүрүү иштерин жогорку денгээлде уюштуруу “Кожо-Бакырган” СПА сынын жетекчилерине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |