Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42-сессиясы
2020-жылдын 13-майы № 216
Бешкент айыл өкмөтүндө айыл элинин саламаттыгын сактоодо медициналык мекемелер-де УДТ, ФАП жана участкалык оорууканаларда тейлөө иштерин жакшыртуу боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн социалдык маселелерди коргоо боюнча башкы адиси Н.Д.Отакишиевтин маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду жалпы даарыгерлер борборунун Бешкенттеги бөлүмунүн адистеринин жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы УДТ жана ФАП тардын элдин саламаттыгын сактоодо жүргүзүп жаткан иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. Кулунду жалпы даарыгерлер борборунун Бешкенттеги бөлүмүндө, УДТ жана ФАП тарда элдин саламаттыгын сактоодо жетишилген ийгиликтер менен бирге орун алган кемчиликтердин бар экендиги, бир топ маселердин чечилбей жаткандыгы атап айтканда адис врачтардын жетишпестиги, койкалардын санынын аздыгы сыяктуу көйгөй маселерди чечүү Кулунду жалпы даарыгерлер борборунун Бешкенттеги бөлүмунүн башчысы О.Мадалиевке жана УДТ лардын башчыларына жүктөлсүн.
3. Кулунду жалпы даарыгерлер борборунун Бешкенттеги бөлүмүндө, УДТ жана ФАП тарда медициналык тейлөө боюнча Улуттук Программаларды ишке ашырууда кетирилген кемчиликтерден жыйынтык чыгаруу жагы тиешелуу адистерден суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |