Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42-сессиясы
2020-жылдын 13-май № 217
Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу мекеме-уюмдардын территориясын жана айылдарды жашылдандыруу иштерин абалы боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн экономист-статисти К.Р.Дадабоевтин маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык мекеме ишканалардын, мектептердин, оорууканалардын, контора-офистердин территориясын жана айылдардын жашылдан-дыруу иштеринин абалы канаатандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Бешкент айыл өкмөтүндө Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын жана Бешкент айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүүнүн, тазалануунун жана жашылдандыруунун 3 айлыгын жарыялоо боюнча буйруктары чыккандыгына байланыштуу ар ишемби сайын ишембиликтер өткөрүлүп, анын жыйынтыгын жогорку органдарга жеткируу айыл өкмөтүнүн экономист-статисти К.Дадабоевке тапшырылсын.
3. Айылдарды жашылдандыруу иштеринин жүрүшү, социалдык-маданий объектилерди, ишкана, мекеме-уюмдардын имараттарын актап, сырдап оңдоо жана калабына келти-рүү иштерин жүргүзүү айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |