Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42-сессиясы
2020-жылдын 13-май № 221
Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Эскиоочу айылындагы “Көгүчкөн” балдар бакчасына кошумча бир жатак тайпа ачууга макулдук берүү боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №321 сандуу сунуш катын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Эскиоочу айылындагы “Көгүчкөн” балдар бакчасына кошумча бир жатак тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |