Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42-сессиясы
2020-жылдын 13-май № 222
Бешкент айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу айылдарды суу менен камсыз кылуу максатында Бешкент айыл аймагы аркылуу Козу-Баглан дарыясынан өз нугу менен келүүчү суу түтүгүн курууга тандалган трассасын аныктоо боюнча комиссиясы-нын отурумунун 2020-жылдын 21-апрелиндеги №1 протоколдук чечими боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси Т.М.Джумабаеванын маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу айылдар-ды суу менен камсыз кылуу максатында Бешкент айыл аймагы аркылуу Козу-Баглан дарыясынан өз нугу менен келүүчү суу түтүгүн курууга тандалган трассасын аныктоо боюнча комиссиясынын отурумунун 2020-жылдын 21-апрелиндеги №1 протоколу бекитилсин.
2. Жеке менчик жер участоктордон өтүүчү суу трассасы боюнча менчик жер участоктун ээси менен келишим түзүү Кулунду айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |
Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Кулунду айыл аймагынын айылдарын суу менен камсыз кылуу максатында Бешкент айыл аймагы аркылуу Козу-Баглан дарыясынан өз нугу менен келүүчү суу түтүгун курууга тандалган трассасын аныктоо боюнча комиссиясынын отурумунун
№ 1 П Р О Т О К О Л У
Бешкент айылы 21-апрель 2020-жыл
Отурумга комиссиянын мүчөлөрүнөн:
Алимбеков К.А - комиссиянын төрагасы
Джумабаева Т - комиссиянын катчысы
Баховатдинов О - комиссиянын мүчөсү
Мехманов Д - комиссиянын мүчөсү
Акбаров К - мүчөсү
Тиллабаев Ш - мүчөсү
Абдивалиев А - мүчөсү
Усманов Р - мүчөсү
Дадабоев К - мүчөсү
катышышты.
Ошондой эле отурумга Кулунду айыл Өкмөтүнүн жер адиси Маликов Азамат
катышты.
Күн тартибинде карала турган маселе:
Угулду: Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Бешкент айыл Өкмөтүнүн
башчысынын орунбасары ,жогоруда аталган комиссиянын төрагасы Алимбеков
Каныбектин бул маселе боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап жалпы отурум
Төмөндөгүлөрдү белгилейт: Урматтуу комиссиянын мүчөлөрү!
Бүгун бизге Кулунду айыл аймагынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында Бешкент айыл аймагы аркылуу Козу-Баглан дарыясынан өз нугу менен келүүчү суу түтүгүн курууга тандалган трассасын аныктоо боюнча комиссиянын
кароосуна сунуш келип түштү. Бул сунуш менен бирге азыр биздин алдыбызда
анын түшурулгөн карта –схемасы жана долбоору турат. Урматуу комсиссиянын
мүчөлөрү биз бул долбоорго олуттуу мамиле кылуубуз керек. Мына долбоорду
карап көрүңүздөр.
Бул суу түтүгү Андархам,Бешкент айылдарын аралап келген арык аркылуу өтүп бул айылдарда жашаган элдердин өздүк тамаркасы аркылуу аралап өтүп келет аны сиздер да билесиздер. Мени түйшөлткөн маселе бул келе
жаткан суу түтүгү арык менен келген чакта да кээ бир жерлери ушул айылдардын жашоочуларынын үй-жайына , дарагына зыян келтирбөөсү керек. Андан кийин
долбоордун картасында бир жери бар экен бурулган ошол бурулган жерден бул
түтүк чоң жолго карап чыгат . Андан кийин жолдун боюнан кетет экен.
Ошондуктан бул суу түтүгүн биз арыктын боюнан болгончо чоң жолдун четинен
кетсе деп дагы ойлонуп жатабыз. Себеби жолдун боюнан болсо анча деле адамдардын өздүк тамарка участогуна зыянын тийгизбейт деп ойлонуп жатабыз.
Ошондой эле эгер бул түтүк арыктын астынан өтөт деп мына Кулунду айыл Өкмөтүнүн жер адиси айтып жатат. Андай болгондо бул сунуш да бир топ маселелерди жаратышы мүмкүн. Түтүк коюлгандан кийин жарылып кетиши мүмкүн же болбосо оңдоп –түзөө иштерин талап кылат. Бул вариант бизге болбой
калат. Себеби кайсы жерден бузулушун билбейбиз. Бирөөнүн өздүк тамаркасынан арыктын ичинен бузулса ал жерге трактор иштөөсү керек. Бул албетте адамдарга ынгайсыздык жаратат. Ошондуктан мен бул долбоордун кээ бир жерлерин оңдоону
сунуштаймын. Азыр Кулунду айыл Өкмөтүнүн жетекчилер менен телефон аркылуу сүйлөштүк. Суу түтугү арыктын боюнан өтөт экен.Бул суу түтүгү жолдун боюнан өтсө эл үчүн да жакшы болор эле.
Сөзгө чыккан комиссиянын мүчөсү Джумабаева Т.М – Бешкент айыл Өкмөтүнүн
жер боюнча башкы адиси: Урматтуу комиссиянын мүчөлорү! Мен дагы жогорудагы
Алимбеков Каныбектин сөздөрүнө кошуламын. Бул долбоордун кээ бир жерлерин
ондоо керек деп эсептеймин. Бул суу түтүгү жол боюнан өтсө жакшы болот.
Сөзгө чыккан комиссиянын мүчөсү Баховотдинов О –Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: Урматтуу комиссиянын мүчөлөрү!
Бул долбоордун башындагы суу ала турган жери биздин айылдын тургундарынын
үлуш жерлерине туш болуп калуусу мүмкүн. Бешкент жана Кулунду айыл Өкмөтүнүн жер адистери барып жеринде көрүп келсин. Эгер айыл тургундарынын
үлүш жерине туш келип калса анда биз дагы өз шарттарыбызды коёбуз. Андан
кийин бул долбоор ишке ашып калса суу түтүгүнөн биздин айыл Өкмотүнө караштуу кээ бир мекеме уюмдарга таза суу киргизип берүүбүз керек. Биздин шарт талабыбыз ушул.
Сөзгө чыгышкан депутаттардан Акбаров К жана Тиллабаев Ш лар да жогорудагы комиссиянын мүчөлөрү белгилеген маселелерди колдоп-кубаттоо
менен үлүш жерлер боюнча маселени чечүү керек экендигин, андан кийин кээ бир
зарыл болгон мекеме-уюмдарды таза суу менен камсыз кылуу маселелери чечилип
калаарын белгилешти.
Сөзгө чыккан депутат Усманов Р : Урматтуу комиссиянын мүчөлөрү!
Бул долбоордун бир жолу Эски оочу айылынын тургунунун өздүк тамарка участогу-
нун ортосунан өтөт экен. Биз өздүк тамарка участогунун ээси менен сүйлөшүү
жүргүзөбүз. Бирок анын да укугу бузулбашы керек. Ошондуктан бул кишинин
тамарка участкасынын ынгайлүү жеринен гана алып өтүүсүн талап кыламын.
Сунушка макулдук берүү жагы колго салынганда комиссия 9 комиссиянын мүчөсү
бардыгы макулдук беришти. Каршы,калыс жок
Жогоруларды белгилеп жалпы отурум
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
менен камсыз кылуу максатында Бешкент айыл аймагы аркылуу Козу-
Баглан дарыясынан өз нугу менен келүүчү суу түтүгүн курууга тандалган
трассасын аныктоо боюнча чиймесинде көп катачылыктардын бар экендиги
белгиленсин.
менен камсыз кылуу максатында Бешкент айыл аймагы аркылуу Козу-
Баглан дарыясынан өз нугу менен келүүчү суу түтүгүн курууга тандалган
трассасын аныктоо учурунда Андархам,Бешкент айылдарынын жашоочула-
рынын өздүк тамарка участогунан өтүүчү суу нугун арыктын боюнан өткөрүү
менен айыл элинин үй-жайына жана дарактарына зыяны тийбегидей кылып
өткөрүү,алардын өздүк тамарка участокторуна ынгайсыздык келтирбегидей кылып өткөрүү талабы менен бул долбоорго макулдук берүү сунуш кылынсын.
жетекчилигинин өз ара макулдашуусу менен Андархам айылынын үлүш жерлери сүйлөшүү жолу менен чечилип, Бешкент айыл аймагынын кээ бир
таза сууга муктаж мекеме уюмдарына таза суу киргизүү маселерин чечүү
тийиштүү адистерге жана жер адистерге тапшырылсын.
Алимбеков К
Джумабаева Т
Баховатдинов О
Мехманов Д
Акбаров К
Тиллабаев Ш
Абдивалиев А
Усманов Р
Дадабоев К