АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2020-жылдын 9-марты № 9
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө №105 сандуу токтомунун негизинде “Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары” ишканасынын 500 кВтук “Датка-Сугд” аба чубалгысын куруу үчүн жер аянттарын бөлүп берүү жөнүндө
КРнын ЖКнин 13-беренесине жана 7-беренесинин 2-пунктуна таянып, КРнын Өкмөтүнүн 20.02.2020-жылдын «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү № 105 токтомунун, КРӨ Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 04.03.2020-жылдагы №01-26/703 сандуу, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 02.03.2020-жылдагы №1-17/03-366 каттарынын жана Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясында айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө №105 сандуу токтомунда көрсөтүлгөн 500 кВтук “Датка-Сугд” аба чубалгысын куруу үчүн долбоордун негизинде Ак-Турпак айыл аймагынан жалпы 18920,0 чарчы метр анын ичинен: 17991,0 чарчы метр жайыт, 929,0 чарчы метр сугат, айдоо үлүшү жер аянттары “Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары” ишканасына белгиленген тартипте мыйзам чегинде 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө пайдаланууга ажыратылып берилсин.
- Ак-Турпак айыл аймагынан жалпы 18920,0 чарчы метр, анын ичинен: 17991,0 чарчы метр жайыт, 929,0 чарчы метр айдоо,сугат үлүш жер аянттары “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин. (Экспликациясы тиркелет).
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.