Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2020-жылдын 25-май № 11
Ак-Турпак айыл аймагынын турак жайга которулган (трансформация) болгон жер аянтына башкы план түзүү жөнүндө
Баткен областык мамлекеттик администрациясынын 2001-жылдын 13-июлундагы № 154, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 13-июнь 2001-жылындагы №347 токтомдорунун негизинде турак жайга которулган жер аянтына башкы план (ген план) түзүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн тургундарына жеке менчик турак үй жай куруу үчүн жалпы аянты 63,0 га анын ичинен: 2,0 га мурда түзүлгөн башкы планды батыш тарабынан, ал эми 61,0 га күн чыгыш тарабынан болуп ар бир өлчөмү 0, 20 га жана коомдук фонддор тарабынан социалдык жактан жардамга муктаж атуулдарга курулуучу турак жайлардын өлчөмү 0,12 га дан болуп бекитилсин жана долбоор жумуштарына (ген планга) уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Имаров
|