Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2020-жылдын 25-май № 12
№24 “ Кызыл-Коргон” орто мектебине жаңыдан ашкана куруу жөнүндө
Кызыл-Коргон айылындагы “Кызыл-Коргон орто мектебине жаңыдан ашкана куруу боюнча мектеп директору Абдилалиева Адинанын баяндамасын айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап чыгып, айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.№24 “Кызыл-Коргон” орто мектебине жаңыдан ашкана куруу үчун Кадамжай өнүктүрүү фондунан бөлүнүүчү акча каражатынан Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджетинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Жумшалуучу акча каражатын айыл өкмөтүнүн эсебинен ажыратып төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Кожоевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлөө Ак-Турпак айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров
|