Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2020-жылдын 16-июну № 18
Ак-Турпак айыл аймагындагы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Сатыбалдыевдин билдирүүсүн айылдык кеңештин депутаттары карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Турпак айыл аймагындагы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын аткарылышы боюнча маалыматы жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтери көңүлгө алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2.Айылдарда көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү ар бир кожолукта жашаган адамдарга милдеттендирилсин.
3.Таштанды таштоочу жайларды иретке келтирүү жагы бардык айыл башчыларга жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров
|