Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2020-жылдын 16-июну № 22
Ак-Турпак айыл аймагындагы Сох дарыясынын кен байлыктары шагыл, кум, таштарды баш аламандык менен ташып кетүү боюнча айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Жусубалиевдин билдирүүсүн айылдык кеңештин депутаттары карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сох дарыясынан алынып жаткан кум, шагал, таштарды ташып кетүү боюнча болуп жаткан баш аламандык көңүлгө алынсын.
2.Сох дарыясынан ташылып жаткан кум шагыл, таштарды ташуу мыйзамдаштырылып, айыл өкмөтү менен келишим түзүүнүн механизими иштелип чыгылсын.
3.Мыйзамдуулугу жолго коюлбаса кен байлыктарды ташуу иштери токтотулсун.
4.Кен байлыктарды ташууну мыйзамдаштыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлери жана финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров
|