Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2020-жылдын 16-июну № 23
Аймактагы аты жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнундө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер жана Сары-Камыш айылдарынын тургундарынын 2020-жылдын 3-февралындагы элдик жыйынын протоколун жана арызын айылдык кенештин депутаттары угуп, талкуулап көчөлөргө ысым ыйгаруу максатында Ак-Турпак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Турпак айыл аймагынан өткөн Ош-Баткен авто жолуна Бүргөндү өрөөнүн өздөштүрүүгө чоң салым кошкон Жаңы-Жер айылынын тургуну маркум Жапаров Эркебайдын ысымы ыйгарылсын.
2.Сары-Камыш айылындагы аты жок көчөгө мугалим, маркум Ысмайылов Дүйшөнүн ысымы ыйгарылсын.
3.Иш кагаздарын даярдап берүү жагы айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлөө жагы айыл өкмөтунүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров
|