Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2020-жылдын 14-июлу № 29
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2020-жылдын 2-июлундагы №01-08/180 сандуу катын айылдык кенешинин депутаттары тарабынан каралып, талкууланып Ак-Турпак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин жана атайын каражаттарды өз багытында максаттуу пайдалануу жагы көзөмөлгө алынсын.
2.Кызматкерлердин сапар чыгымдарын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 – жылдагы 26 – августундагы №471 “Сапар чыгымдарын төлөө” жөнүндөгү токтомуна ылайык төлөнсүн.
3.Кызматтык автоунааны пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 токтомунун негизинде күйүүчү майлар чыгышталсын, ашыкча чыгымдарга жол берилбесин.
4.Жергиликтүү бюджеттин аткарылышында кетирилген кемчиликтери үчүн айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Кожоевге эскертүү берилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров
|