Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезектеги отуз биринчи сессиясынын
2020-жылдын 09-марты № 100
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы «CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү №105-токтомун, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун Ош ЖЧЭТнын директорунун 2.03.2020 –жыл №01-13-3/231, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 04.03.2020-жылдагы №01-26/703 жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 05.03.2020-жылдагы жылдагы №1-17/02-393, 02.03.2020-жылдагы жылдагы №1-17/02-367 сандуу каттарын аткаруу максатында Халмион айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы «CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү №105-токтомунда көрсөтүлгөн “Датка-Сугд” 500 кВ электр берүүнүн аба линиясынын зым тирөөчтөрүн орноту үчүн Халмион айыл аймагынын түштүк тарабындагы Тескей зоонасынан жалпы 18793 ч.м. жайыт жер аянты, Ош жогорук чыналуудагы электр тармактары, ишканасына белгиленген тартипте мыйзам чегинде 49(кырк тогуз) жылдык мөөнөткө, мөөнөттөө пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Халмион айыл өкмөтүнүн жетекчилигине ушул токтомду аткарууга алып .Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы «CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү №105-токтомунда көрсөтүлгөн “Датка-Сугд” 500 кВ электр берүүнүн аба линиясынын зым тирөөчтөрүн орноту үчүн Халмион айыл аймагынын түштүк тарабындагы Тескей зоонасынан жалпы 18793 ч.м., жайыт жер аянтын, Ош жогорку чыналуудагы электр тармактары ишканасына белгиленген тартипте ачык акционердик коомуна акысыз түрдө 49 (кырк тогуз)жылдык мөөнөткө пайдаланууга бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Г.Матажиев |