ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2020-жылдын 16-январы № 1
“Жаңы-Жер айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга бюджеттин бекитүү жөнүндө”
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн 2019-жылга коюлган бюджетинин аткарылышы Кыргыз Республикасынын Каржы Министирлиги тарабынан берилген контролдук цифра боюнча Жаны-Жер айыл өкмөтунун финансы Экономика бөлүмунун башчсынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Досматовдун билдирүүсүн угуп жана Жаны-Жер айыл өкмөтүнун 2020-жылга бюджети Кыргыз Республикасынын 2020-жылга жана 2021-2022-жылдарга долбоору жөнүндөгү, “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнундөгү” “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-экономика негиздери жөнундөгу” мыйзамдарына ылайык тузүлгөндүгун белгилеп жогорудагылардын негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VI чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жаны-Жер айыл Өкмөтүнун 2020-жылга бюджетинин киреше жана чыгашалары 34211,2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн карамагындагы балдар бакчаларынын ата-энелеринен ысык тамак-аш алууга түшкөн каражаттар айыл Өкмөтүнүн атайын каражаттары эсептелсин. Киреше чыгашалары3300,0 мин сом өлчөмундө бекитилсин.
- Жергиликтүү салыктардын нормативдери 2020-жылга бекитилсин.
- Райондук казына бөлүмү аркылуу Жаны-Жер айыл өкмөүнун Кенештердин аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар, Жаны-Жер Өкмөтүнүн эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына жетишилсин.
- 1-январь 2020-жылга бюджеттик каражаттардан калган 2685,571 сом 40 тыйын акча каражаттары бекитилсин.
- Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясына жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин кобөйтүү боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргузүү жагы тапшырылсын.
- 2020-жылга Жаны-Жер айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүмүнүн аткарылышына жараша жүргузүлө тургандыгы белгиленсин, анын ичиндебиринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акыларды төлөө, социалдык чегерүүлөр жана тамак-аш сатып алуу) жүргүзүлүүсү бекитилсин.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдык китепканалар, социалдык коргоо жактан женилдиктер, коммуналдык турак жай чарбалары, коргоонун керектелүүчү каражаттар Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
- Жаны-Жер айылөкмөтүнүн бюджети айылдык Кеңештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.
- Жаны-Жер айыл өмөтүнун 2020-жылга каралган бюджети 2020-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттардын Жаңы-Жер айылдык Кеңешинин Бюджет-Экономика финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.