Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Жер айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2020-жылдын 16-январы № 6
Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ "Келечек-Арка" ишканасынын 2020-жылга карата таза суу учун тарифин бекитүү жөнүндө
Жаны-Жер айыл өкмөтунун ИСКАКБ “Келечек-Арка” ишканасынын 2020-жылыга карата ичүүчу таза суу учун наркын бекитүү жөнундөгу “Келечек-Арка” ИСКАКБнын жетекчиси Т.Жолдошевдин билдируусун угуп жана талкуулап Жаны-Жер айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жер айыл өкмөтү боюнча таза-суу пайдалануучуларга таза-суунун тарифи төмөнкудөй болуп бекитилсин.
- ар бир адамга айыл өкмөтүнүн чарба китеби боюнча бир айга 20 (жыйырма) сомдон төлөө тарифи бекитилсин.
- жеке түтүкчөлөрү бар уй ээлери суу счетчиктери боюнча төлөнсүн.
- мекеме иш каналар жана башка социалдык мекемелерге бир кубга 13.59 (он уч сом элуу тогуз тыйын) мектептерге бир балага 8 (сегиз) сомдон жана балдар бакчаларга 10 (он) болуп бекитилсин.
- өз алдынча суу түтүкчөлөрун ачып жаткандарга жана бузгандарга 1000 (бир мин) сом айып салынсын жана тетиктин баасын базар наркыда төлөп берүүсү белгиленсин.
- негизги суу түтүкчөлөрдү талкалаган жана малын суугаргандарга 10000 (он мин) сом айып салынсын, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилсин.
- үйдун жанындагы суу тутукчөсүн вентилсиз пайдалангандарга:
Биринчи ирет эскертуу берилсин;
Экинчи ирет суу түтүгу бекитилсин.
- ичуучу таза сууну сугат суу катары пайдалангандарга 2000 (эки мин) сом айып салынсын.
- тарифтерди оз убагында төлөбөгөндөргө кунунө 0.5% айып салынсын.
- ичүүчү таза суунун башкы кампасынан алынган сууга кубуна 13.59 сом төлөнсүн.
2. Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ “Келечек-Арка” ишканасынын 2020-жылга карата штат бирдиги жана бюджети бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн жарандарынын үйлөрүнүн ичинен (тамаркадан) өткөн суу түтүктөрүн (авариялык) ремонтко жер казып беруу жана башка иштер үй ээсине милдеттендирилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн жарандарынын өз тамаркасына алып кирилген суу тутугунун D-15мм ашпасын жана суу эсептегичтер милдеттүү түрдө орнотулсун.
5. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин Айыл чарба, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Айбалаев |