Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Жер айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2020-жылдын 16-январы № 7
“Муниципалдык мулктү эсепке алуу жана муниципалдык менчиктеги объекттердин реестрин бекитүү жана муниципалдык менчик объекттерин башкаруу тартиби жөнүндөгү Жобо жөнүндө”
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган муниципалдык менчиктерди бекитүү максатында , “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө ” КР мыйзамынын, КР граждандык Кодексинин негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Жаңы-Жер айылдык кеңеши, муниципалдык менчик объекттерди башкаруу тартиби жөнундө ушул жобо (мындан ары -Жобо) КР Жер Кодексине, КР Жарандык Кодексинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундөгү” КР Мыйзамына, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, КР мыйзамынын жана КР башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикте турган объекттерге (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) менчик ижара укугун берүү аркылуу муниципалдык менчикти башкаруу тартиби жана шарттарын белгилеп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчиктеги объекттердин реестри бекитилсин.
2. Муниципалдык менчиктеги объекттерин башкаруу тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө айыл өкмөтунун башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Айбалаев |