Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Жер айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги II- сессиясынын
2020-жылдын 3-марты № 9
Жаны-Жер айыл өкмөтүндө жайгашкан кайра бөлуштүрүү фондунун эсебиндеги 0,14 га айдоо жер аянттын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр- жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу жөнүндө
Электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоону өнүктүрүү жана энергетикалык көз карандысыздыгын күчөтүү жана электр линиясын курууга даярдыктарды көрүү жөнундө өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун атайын жыйынынын протоколунун аткаруу максатында Жаңы-Жер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө жайгашкан кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) эсебиндеги 0,14 га айдоо жер аянттын энергетикалык көмөкчү чордонун реконструкциялоо үчүн айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр-жай, транспорт,байланыш,коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнун айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
Төрага | К. Айбалаев |